• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына катышты — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин инаугурация аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

31-майда Мамлекет башчысы эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий