• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Индиянын жана Пакистандын президенттерине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде, Индияда жана Пакистанда нөшөрлөгөн жаандын, кумдуу бороондун жана ташкындын кесепетинен адамдар каза болуп, жабыр тарткандыгына байланыштуу Индиянын Президенти Рам Натх Ковиндге жана Пакистандын Президенти Ариф Алвиге көңүл айтты.

«Нөшөрлөгөн жаандын, кумдуу бороондун жана ташкындын кесепетинен адамдар каза болду жана жабыр тартты деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул табигый кырсыктан каза болгондордун жакындарына көӊүл айтуу менен, бардык жабыр тарткан адамдардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көнүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий