• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Цунамиден кеминде 373 киши набыт болду. Жээнбеков Индонезиянын президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу Индонезиянын президенти Джоко Видодого көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Көп сандаган адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген, Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунами жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын эл инин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез айыгып кетүүсүн каалайм», - деп белгиленет мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий