• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Индонезиянын президентине жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого Индонезиянын Ломбок аралында болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Индонезия Республикасынын Ломбок аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, – деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий