• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чараларды көрүүдөбүз

Президент 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. «Биз алдын ала айтылып жаткан инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чараларды көрүп жатабыз», -деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы аймактардагы ооруканаларды кошумча орундар менен камсыз кылуу боюнча Өкмөт менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча азыркы учурда жалпысынан 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан 9 оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Президент бул иштердин максаттарын чечмелеп берди.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы бул оору качан оңолот, качан токтойт, биз дагы айта албайбыз деп ачык айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир бул оорунун ар кандай таркалышына даяр болушубуз керек. Ар кандай реформалар жана программаларды түзүшүп, алардын негизинде көп койко-орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. Алар 15 жыл, 20 жылдан бери иштебей турат. Биз бул имараттарды калктын кызыкчылыгына кызмат кылгандай кылып, капиталдык ремонттон өткөрөбүз. Мунун жыйынтыгы менен жалпы республика боюнча бейтаптар үчүн миңден ашуун койко-орундар түзүлөт», — деп баса белгиледи Президент.

Ал бюджеттин каражаты менен Бишкекте 100 койкалуу, Ошто 100 койкалуу, Нарында 70 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталганын эске салды.

Ошондой эле шаарларга, облустук борборлорго мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен калкка комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүүчү жаңы типтеги ооруканалар курулат.

«Бул ишти азыр баштап алсак, ооруканалардын курулушуна 100 млн долларга чейин салабыз деген ишкерлер бар. Эң алдынкы технология менен курабыз деген ишкерлер бар. Мындай ишкерлер биздин өлкөбүздө дагы бар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ооруканалар эң алдыңкы технологиялар менен жабдылаарын баса белгиледи.

«Бизде көбүнчө катуу оорулуулар дарыланыш үчүн Түркия, Россияга, алыскы мамлекеттерге кетип жатпайбы. Аталган пландарыбызды ишке ашыруу менен өлкөбүздө дарыланууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Буга кызыкдар инвесторлор бар. Мен жергиликтүү бийлик органдарынан бул маселе боюнча натыйжалуу иш жүргүзүүнү талап кылып жатам. Бул маселе менин көзөмөлүмдө», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий