• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Инновациялык технологияларды кеңири колдонгон экономиканы түзүшүбүз керек

Президент 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Келечекте биз атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн ыңгайлуу экономиканы түзүшүбүз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы бизнесмендерди алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ден-соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалады.

«Бүгүнкү биздин жолугушуунун эң башкы максаты — өлкө экономикасынын жана ишкерликтин абалы, бышып жетилген курч көйгөлөр жөнүндө ийри олтуруп, түз кеңешүү. Экономиканы мындан ары өнүктүрүү үчүн бизнес чөйрөсү эмнени көздөйт жана аларды колдоо үчүн бийлик бутактарынан эмне талап кылынат деген суроолорду талкуулоо», -деп баса белгиледи Президент.

Ошону менен бирге ишкерлерге тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу боюнча иш жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Алсак:

— жаӊы түзүлгөн бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий киргизилди;

— салык процедурасын фискализациялоо системасы киргизилүүдө;

— технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду;

— тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлдү;

— ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бизнести тейлөө борборлорун түзүүлүүдө;

— кепилдик Фонд түзүлүп, ал быйыл — бир жылдын ичинде эле 535 ишкерге кепилдик берди;

— мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдын жаңы редакциясы парламентке киргизилди.

«Ошентсе да, Өкмөттүн, сот системасынын, укук коргоо органдарынын дарегине бизнес коомчулугунун айта турган олуттуу дооматтары жана суроолору бар. Чынында эле бул дооматтар жүйөөлүү. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик органдар, ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна, дагы эле ар кандай текшерүүлөр менен алардын ишине кийлигишкен учурлар уланып жатат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Айрым ишкерлер текшерүүлөрдөн, тоскоолдуктардан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөлөргө көчүрүп кетип жатканы тууралуу айтылды.

«Коом үчүн да, ишкерлер үчүн да манилүү маселе — бул жарандарыбыздын сот системасына болгон ишеними. Бизнес айтып жаткан негизги дооматтардын бири — соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы. Дагы бир көйгөй — инвесторлордун менчик укугу сакталышын жана кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча реалдуу кепилдиктер камсыз кылынбай жатканы. Ишкерлерди мыйзамдардын туруксуздугу, салыктардын жана социалдык төлөмдөр, салыкты администрациялоо, ЕАЭБ рынокторундагы атаандаштыктын адилеттүүлүгү жөнүндөгү маселелер да тынчсыздандырат. Кандай кылганда өлкөдөгү ишкерликтин өнүгүшүнө кедерги болуп жаткан факторлорду жоюп, биргелешип экономикабызды көтөрөбүз? Мына ушулар жөнүндө сиздер менен ачык сүйлөшүп, жаңы идеяларды, сунуштарды угуп, ишке ашыргыбыз келет. Бизнес-чөйрөсүн туруктуу жакшыртуу үчүн мамлекет, бардык бийлик бутактары чукул арада кандай чараларды көрүшү керек экенин талкуулап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Сиздердин пикириңиздер, айтылган идеялар жана сунуштар сөзсүз эске алынат жана алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат" — деп Мамлекет башчысы кириш сөзүн жыйынтыктады.

Жолугушуу андан ары катышуучулардын сөздөрү жана «суроо-жооп» форматында улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий