• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча жумушчу топтун сунуштары менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 13.11.18. / Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-ноябрда «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн Өкмөтүнө даярдалган сунуштар талкууланды.

Назгүл Турдубекованын маалыматына ылайык, 3 айдын ичинде жумушчу топ балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы абалды, кандай себептер менен балдар бул мекемелерге барып калгандарын талдап, түрдүү эл аралык донорлук уюмдарга Кыргызстанда балдардын үй-бүлөдө жашоо кызыкчылыгына туура келбеген жана укуктарын чектеген интернат тибиндеги мекемелерди ачууга жол берген мыйзамдарга дагы анализ жасады.

Ошондой эле балдар үйлөрүнүн жана интернат мекемелеринин системасын реформалаган, бул мекемелерди жаап, баланын өз үй-бүлөсүндө же багып алган үй-бүлөдө, үй-бүлөлүк типтеги үйлөрдө жашоого шарт түзүп бере алган жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин тажрыйбасы изилденди.

Эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин жыйынтыгы менен тиешелүү сунуштар иштелип чыгып, Өкмөткө жиберилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков эксперттик жумушчу топтун Өкмөттүн 2017-жылы бекитилген үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо 10 жылдык (2018-2028-жылдары) планына киргизиле турган социалдык кызмат көрсөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү Планын иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу сунуштарын колдоду.

Бул 9 жылдык план интернат тибиндеги жаңы балдар мекемелерин ачууга мораторий киргизүүнү камтыйт.

«Пландын алкагында коюлган бардык максаттар жана милдеттер балдардын кызыкчылыктарына каршы келбеши, укугун бузбашы керек. Бир да бала реформаларды жүргүзүүдө запкы көрүп калбашы зарыл, ар бир баланын тагдыры баалуу жана маанилүү. Реформаны ишке ашыруу дайыма менин көңүл борборумда болот», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн Президент менен болгон жолугушууда айтылган эксперттик жумушчу топтун сунуштарынын бардыгы Өкмөткө жөнөтүлөт. Андан кийин интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча тиешелүү жумуштар Өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушуусунун натыйжасында КР Президентинин Аппаратынын алдында балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий