• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алды.

Инвестициялык чөйрөнү жана ишкерлик тармакты жакшыртуу, тышкы соода-сатыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Шумкарбек Адилбек уулу өлкөгө инвестицияларды тартуу боюнча ведомствонун ишмердиги, Агенттиктин өнүгүү стратегиясы жана жакынкы жылдарга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Агенттиктин директору инвестицияларды тартуудагы терс тенденциялар жана негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестициялардын келишинин азайышынын себептери тууралуу айтып берди.

Президент айрым инвестициялык долбоорлор бир нече жыл бою ишке ашпай турганына өзгөчө көңүл бурду. Ошол эле маалда ал инвестицияларды өлкөгө тартып келгендеги негизги көйгөй катары инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр инвестициялык долбоорлордун жоктугун дагы белгиледи.

Мамлекет башчысы инвестициялык чөйрөнү жакшыртууда жана бизнести жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуда кечиктирилгис реалдуу чаралар зарыл экенин белгилеп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну коштоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Ал белгилегендей, Агенттик инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүн жөнгө салган борбордук мамлекеттик орган болушу керек.

Инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоонун маанисин белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков Агенттиктин инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына дайыма мониторинг жүргүзүп, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү учурунда өлкөнүн жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашырууда талаш-тартыштарды өз убагында аныктоо боюнча жумушту күчөтүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө активдүү катышуу керек.

Президент Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, өндүрүш, энергетика, туризм, тоо-кен өнөр жайы сыяктуу негизги багыттар боюнча өлкөнүн аймактарына инвестицияларды тартуу экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу процесстеринин ачыктыгын жана транспаренттүүлүгүн жогорулатуу максатында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий