• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Карадж шаарындагы «Фатх» аба майданында Boeing-707 учагынын кыйроого учурашынан улам жарандардын курман болгонуна байланыштуу Ирандын президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.

«Карадж шаарындагы "Фатх" аба майданында учактын кыйроого учурашынан жарандардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, 14-январда жүк ташуучу "Boeing 707" учагы Тегеранга жакын аймакта кулап, борттогу 16 адамдын 15 курман болду. Учак жүгү менен Бишкектин "Манас" аэропортунан учуп чыккан.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, учак ирандык компанияга таандык, бортто кыргыз жарандары болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий