• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жаӊы өздөштүрүлчү жерлердин 46% Баткенде - Жээнбеков

Аймак 0

Бишкек. 20.02.19 /Кабар/. Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жаӊыдан өздөштүрүлчү жалпы 65 миӊ гектар жердин 30 миӊ гектары, же 46 пайызы Баткен областына тиешелүү, – деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы 2017-2026-жылдарга карата бекитилген мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасы боюнча 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилип, 1901 гектар жерлердин суу менен камсыздалышы жогорулап, 1600 гектар жерлердин мелиоративдүү абалы жакшырганын белгиледи.

Ал белгилегендей, программаны ишке ашырууда долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Экинчи топко кирген 14 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды.

Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 256 млн. доллар болгон, башкача айтканда 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 12 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

«Миграциянын агымы көп болгон Баткен облусу үчүн ирригацияны өнүктүрүү маселеси абдан маанилүү. Кадамжай жергесинде дагы маселелер көп. Учурда Боз-Кара-Кыштак каналынын, Молдо Нияз каналынын курулуш иштери жүрүүдө. Жаңы жерлер өздөштүрүлүп, пайдаланууга берилсе, жаңы жумушчу орундары түзүлөт, миграциянын агымы азаят. Ошондуктан, Ирригацияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу баткендиктер үчүн өтө маанилүү», - деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий