• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков иш сапар менен Чүй облусунун Кемин районуна барат

Президент 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 20-сентябрда Мамлекет башчысы иш сапары менен Чүй облусунун Кемин районуна барат.

Иш сапардын алкагында Президент Кемин районундагы Орловка шаарындагы күн энергиясынын рыногуна багытталган монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү «Астра Солар Технолоджис» ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.

Пикир

Оставить комментарий