• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков иш сапары менен Бельгияга барат

Саясат 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. 2018-жылдын 11нен 12-апрелине чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюсселге иш сапары менен барат. Ал Европа биримдигинин институтуна бармакчы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал ЕБ Институту менен сүйлөшүүлөрдүн уландысы катары мамлекет башчынын алдыдагы сапары КР Евро биримдик менен кызматташууга өзгөчө маани берерин көрсөтүп турарын айтты.

“Биз туруктуу өнүгүү максатында ЕБди маанилүү өнөктөш катары эсептейбиз жана мындан дагы тыгыз аракеттешүүлөргө даярбыз. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын европалык өнүгүү багытында кыйла маанилүү окуялар катары 2013, 2015 жана 2017-жылдардагы Бельгияга жогорку деңгээлдеги сапарлар саналат. Ошондой эле ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерик Могерининин 2017-жылдын 9-ноябрындагы сапары ”, - деди ал.

Сыдыков Кыргызстандын президентинин ЕБ Институтуна сапарынын негизги максаты: ЕБ Институтунун жетекчилиги менен жеке байланыштарды түзүү, КР жана ЕБ ортосундагы 2017-жылдын 15-декабрындагы кеңейтилген өнөктөштүк тууралуу жаңы келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү саясий шыктандыруу, эки жактуу соода-экономикалык кызматташууну илгерлетүү , КРнын артыкчылыктуу тармагына инвестицияларды тартуу, ВСП+ алкагында укуктарды артыкчылыктуу пайдаланууну талкуулоо, “ТАза коом – Жаңы доор” өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында КРнын ЕБ алдындагы артыкчылыктарын бекемдөө, коопсуздук жана туруктуулук, заманбап коркунучтарга жана тобокелдиктерге биргелешип каршы туруу маселелерин талкуулоо экенин айтты.

“Сапардын жүрүшүндө ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерик Могерини, ЕК төрагасы Жан Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин төрагасы Антонио Тояни менен расмий жолугушууларды өткөрүү пландалууда”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий