• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз

Президент 0


Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. «Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз», — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы конференциянын катышуучулары менен жылуу саламдашып, Сиздерди меймандос жергебизде тосуп алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз, деди.

«Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдерибиздин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулду.

Конференцияны Россиянын жана бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний жетекчилерин чогултуп, кызматташуу үчүн жалпы платформа түзүү ниетинде өткөрүп жатабыз. Конференцияга аталган мамлекеттердин өкүлдөрү, элчилери, диний уюмдарынын башчылары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер катышууда. Ушундай абройлуу курамда өтүп жаткан бүгүнкү конференцияда бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу ой-пикирлер, алгылыктуу иш-чаралар сунушталат деп үмүттөнөм», — деп билдирди.

Президент коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алгандыгын кошумчалады.

Азыр көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болдугун билдирген мамлекет башчысы, диний себептер менен бөлүнүп–жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат, деди.

«Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомубуздун биримдигин — мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө мамлекет жол бере албайт. Мамлекеттин диний чөйрөнү тескөө иштери мындан активдүүрөөк болот. Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Ушул руханий байлыктарды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн сабаттуу колдонушубуз керек», —деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий