• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Көчмөндөр оюндары - кайталангыс маданияттардын, салттардын маанисин өнүктүрөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысынын сөзүн толугу менен беребиз:

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары!

Ардактуу меймандар!

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиӊиздер!

Биз бүгүн касиеттүү жерибизде, кереметүү Ысык-Көлдун боюнда, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун салтанаттуу ачылышында сиздерди кучак жайып, тосуп алганыбызга чексиз кубанычтабыз!

Чокусу асман тиреген, улуу Тоолордун мекени — Ала-Тоого, айкөл атабыз Манастын жерине, кең пейил, меймандос Кыргыз элине кош келиңиздер!

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү чечими 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеӊешинде кабыл алынган.

Бүгүн да биздин оюндар ошол мамлекеттердин саммитинин алкагында ачылып жатат.

Бүгүнкү салтанаттуу аземге бир тууган Казакстан Республикасынын Президенти урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаев катышып жатканы — биз үчүн чоң кубаныч.

Алыстан ат арытып, боордош Түрк Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырзанын келгенине ыраазылык билдирем!

Европадагы достош өлкөбүз Венгриянын Премьер-министри — урматтуу Виктор Орбандын катышып жатканын ыраазылык менен белгилейм.

Россиядан келген ардактуу мейманыбыз, Татарстандын президенти — Минниханов Рустам Нургалиевичке салам айтабыз.

Биздин жогорку мартабалуу меймандар дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууда.

Мунун өзү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон бийик баа, кыргыз элине болгон тереӊ урмат деп эсептейм.

Эртеӊ, Чолпон-Ата шаарында боло турган Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине Азербайжан Республикасынын Президенти урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевдин, Өзбекстан Республикасынын Президенти урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиеёвдун келиши күтүлүүдө.

Урматтуу мекендештерим!

Кадырман меймандар!

Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө.

Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты.

Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ.

Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат.

Көчмөндөр цивилизациясы — дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт.

Тынч океандан тартып Европага чейинки аймакты, Борбордук жана Чыгыш Азияны, Кичи Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген улуу мурас.

Мындай мейкиндикти көчмөндөр гана өздөштүрө алган.

Көчмөн дүйнөсү жүздөгөн элдерди бириктирет. Алардын маданияты, дүйнө таанымы кайталангыс өзгөчөлүккө ээ.

Көчмөндөр цивилизациясы — дүйнөлүк өнүгүү процессинде чоң вазийпа аткарган.

Батыш менен Чыгыш маданиятын ширетип, адамзаттык тарыхта дүйнөнү өзгөрткөн, жаңылануу нугуна бурган.

Көчмөн маданияты — адам менен табияттын жуурулуп жашоосун өзгөчө баалуулукка айланткан.

Көчмөндөрдүн башкы философиясы — материалдык жана руханий тең салмактуулукта болуунун маңызын көрсөтөт.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Бүгүнкү глобалдуу чакырыктардан улам биз өзүбүздүн башатыбызга, түпкү маданиятыбызга кайрылып, андан руханий энергия алууга муктажбыз.

Көчмөндөр дайыма элдик дипломатияны туу тутуп, ар кыл маданияттарды, цивилизацияларды бириктирип, диндер арасындагы сабырдуулук аркылуу ынтымакта жашоонун көпүрөсүн куруп келген.

Азыркы мезгилде бул идея эң башкы дөөлөткө айланып олтурат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч ирет катары менен көчмөн маданиятынын ордосу болгон кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат. Эми дүйнөлүк оюндардын кезеги буюрса Түркия Республикасына өткөрүлүп берилет. Эстафетаны алып жаткан Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Эрдоган мырзанын кийинки көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алуусуна тилектешмин.

Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу меймандар!

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маңызы — спорт, маданият жана билим!

Рух жана күч!

Биздин спортчулар көчмөндөрдүн ушул рухун жана күчүн Азиада оюндарында көрсөтүшүп, бизди кубандырды. Бүгүн биздин арабызда катышып олтурушат. Биз силер менен сыймыктанабыз.

Көчмөн оюндары — күчтүн гана сынагы менен чектелбестен, кайталангыс маданияттардын, салттардын маанисин өнүктүрөт.

Көчмөндөргө таандык салттуу спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар жер шарынын төрт бурчунан келген адамдарды жакындатып, бирге жашоонун идеалын даңазалайт.

Ардактуу мекендештерим!

Айымдар жана мырзалар!

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук таймаштарда кара кылды как жарган калыстык болуп, эң күчтүүлөр, эң шамдагайлар, татыктуулар жеӊсин!

Меймандарыбыз кыргыз элинин меймандостугун сезип, жерибиздин кооздугун көрүп, жагымдуу эс алып кетишсин!

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачык деп жарыялайм!

Пикир

Оставить комментарий