• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам. Муну баарыбыз түшүнөлү. Ошондуктан, өзгөчө абал киргизилген шаарларда жана райондордо бул режимди 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алдым», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып.

Президент азыр өзгөчө абал режимин алып таштасак, медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети, тартип сакчыларынын эмгеги, жалпы коомубуздун буга чейин жасаган аракеттери текке кетерин айтты.

«Азыр коронавирус илдетине каршы вакцина табыла элек. Коомду бул илдеттен коргоп калуунун бир гана куралы — санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана бекем тартипти сактоо болуп турат. Жарандарыбыз өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын эрежелерин сактаганы үчүн — кырдаалдын мындан да курчуп кетишине жол берилген жок», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий