• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Көп жылдардан бери аймактарды өнүктүрүүдө дисбаланс сакталууда

Президент 0

Бишкек, 23.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте аймактарды өнүктүрүү керек. Бул менин терең ишенимим”, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда.

Ал 2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыкка бардык аймактардын көйгөйлүү маселелери менен губернатор, премьер-министр жана президенттикке талапкер учурунда таанышкандыктан кол койгондугун билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, көп жылдардан бери аймактарды өнүктүрүүдө теңдемсиздик сакталууда

“Эгерде биз аларды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, алардын ортосундагы айырмачылык тереңдей берет. Учурда экономиканын өнүгүшү бир-эки аймактан көз каранды. Өнүгүү зонасы Бишкектин айланасында топтолгон. Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган таяныч шаарлардын каркасы түзүлө элек”, - деди президент.

Жээнбеков салыктык-бюджеттик саясат жана акча-насыялык саясат аймактардын өнүгүшүнө таасирин тийгизе албагандыгын билдирди. Аймактарда бир дагы көз карандысыз банк пайда болгон жок.

“Мамлекеттик бюджеттин кирешелери негизинен, эки-үч шаарда түзүлөт. Жергиликтүү бюджеттердин борбордон көз карандылыгы күчөдү. Адамдар Бишкек жана Чүй облустарына көчүп жатышат. Бул биринчи кезекте аймактардан квалификациялуу адистердин агымына алып келет. Мындан ары бул өзгөрүүсү кажет. Биз биргеликте саясат жүргүзүшүбүз керек., айрыкча мыйзам кабыл алуу үчүн. Жумушчу топ бул маселелерди кыйла кеңири карап чыгуулары зарыл”, - деди ал.

Кыргызстандын президенти биринчи кезекте гранттарды жана салыктык жыйымдарды бөлүштүрүүдө бардык аймактардын жана калктын географиялык өзгөчөлүгүн эске алуу зарылдыгын белгиледи.

“Бул Финансы министрлигинин эле милдети эмес, ЖӨБ органдарына да таандык. Банктар жана Кепилдик фонддор бардык аймактарды эске алуу менен насыялоону жүргүзүүлөрү керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий