• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө жакшы ийгиликтерге жетишүүдө

Президент 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. «Азыркы кезде көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө жакшы ийгиликтерге жетишип, түпкү Мекенинде маанилүү экономикалык, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга кирише башташты», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандары бир топ өлкөлөрдө, көпчүлүгү Россия Федерациясында окуп, иштеп жатышканын белгиледи.

«Россияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбыздын акыбалы бир топ жакшырды. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин жеке колдоосунда жарандарыбызга миграциялык жеңилдетүү жана „кара тизмеден“ чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен Россияда иштөөгө шарт түзүлдү. Россиядагы мекендештерибизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путинге мүмкүчүлүктөн пайдаланып дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетем», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен, анын ичинде Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен кызматташуунун бардык багыттарында активдүү динамика байкалып, тыгыз жана ишенимдүү саясий диалог калыптанганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков бардык айтылган маселелер боюнча тиешелүү жумуш башталып, анын ишке ашырылышы Мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле ал жарандарды, анын ичинде чет мамлекеттерде окуп келгендерди дагы жумушка орноштурууда таза жана ачык-айкын атаандаштыкты түзүүнүн маанисин белгиледи.

«Биз жумушка орноштуруунун таза системасын түзүшүбүз керек. Жаңы мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы бош кызмат орундары жөнүндө маалымат Мамлекеттик кадр кызматынын ачык булактарында жарыяланат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышынын алкагында айтылган демилгелер боюнча жумуш сөзсүз улана турганын өзгөчө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий