• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков: Кайра иштетүү өнөржайын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыгы бойдон калат

Президент 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кайра иштетүү өнөржайын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында артыкчылыктуу бойдон калат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы «Ак-Булак плюс» ЖЧКсы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышуунун жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысына ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 тонна сүттү түзөрүн, сезон убагында суткасына 60 тоннага чейин сүттү кайра иштетерин маалымдашты.

«Ак-Булак плюс» ЖЧКсы Ысык-Көл облусундагы сүттү кайра иштетүүчү ири заводдордун бири. Анда майсыздандырылган кургак сүт, каймак майы жана катуу сырдын бир нече түрү өндүрүлөт.

Ишкана бир нече кабыл алуу пункттарына жана муздаткыч жайларына ээ, бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт. Завод Ысык-Көл облусундагы райондордун 70тен ашуун айылдарындагы 6 миңден ашуун дыйкан чарбалардын сүтүн кабыл алууда, муну менен бирге аймактагы айыл чарбасы өнүгүүдө.

Жакынкы жылдары ишкана сүт өндүрүү көлөмүн суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү, күнүнө 10 тонна сыр чыгаруу кубаттуулугу менен европалык деңгээлдеги автоматташтырылган сыр линиясын жана коюлтулган сүт өндүрүү боюнча линияны ишке киргизүү, мындан тышкары, керектүү атайын жабдуулары бар сүттү кабыл алуу пункттарынын санын көбөйтүү пландаштырууда.

«Ак-Булак Плюс» ЖЧКсы «Кант-Сүт» ЖЧКсы менен биргеликте Кыргызстанда «Белая река» соода маркасынын астында өздөрүнүн продукцияларын чыгарууда, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстандын рыногуна экспорттоп жатат. 2021-жылдан тартып, Кытайга экспорттоону баштоо пландалууда.

«Заводдун келечеги кең. Алдыда компания товарлардын түрлөрүн көбөйтүп, кызматкерлерди жана сатуу чектерин кеңейтүүгө ниеттенүүдө», — деп белгиледи заводдун директору Максатбек Алдаяров.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкананын жамааты менен баарлашты, экологиялык таза азыктарды жеткирүү жолу менен экспорттук потенциалды өстүрүү өлкөнүн артыкчылыктарынын бири болуп саналарын, ошондуктан муну толук кандуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындай ишканалар менен аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшү камсыздаларын, жергиликтүү калктын жумуш орундары маселеси чечилип жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Аймактарды өнүктүрүү боюнча саясат аймактарда жумуш орундарын түзүүгө багытталган, биринчи кезекте ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип жатат», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мындан ары дагы мамлекет тарабынан зарыл болгон жардамдар көрсөтүлөрүнө ишендирди.

«Азыркы тапта бардык мамлекеттик органдардын негизги күч-аракеттери коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүгө багытталган. Буга карабастан, жер-жерлердеги реалдуу секторду жана ишкерлерди унутта калтырган жокпуз. Бюджеттин жана тартылып жаткан инвестициялардын каражаттары мындан ары дагы өлкө экономикасынын калыбына келтирилишинде өзгөчө ролду ойногон чакан жана орто ишкерликти колдоого багытталат», — деп баса белгиледи Президент Соронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий