• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. "Кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими азыркыга чейин алына электигин эскертти.

"Комендатуралардын иши токтотулуп, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген. Алардын аймактык граждандык коргонуунун жетекчиси катары укуктары күчүнө кирген. Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, райондордун акимдерине, айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн", - деди өлкө башчысы.

Жээнбеков чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдирип, кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз деди.

"Экономикалык ишмердик чектелбегени менен, санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү. Жогоруда айтылгандай, ынтымак, биримдик менен кыйынчылыктарды жеңебиз. Жарандык жоопкерчилик менен тартипти сактап, медициналык нормаларды бузбасак", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий