• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Суу менен камсыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөнүн ирригациялык системалар түйүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу маселелери экенин өзгөчө белгиледи. 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча амбициялык тапшырма коюлганын эске салды.

Президент 2017-2026-жылдарга карата Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашырууда чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдыкты жогорулатуу үчүн бирдиктүү орган — Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлгөнүн жана анын алдында мамлекеттин суу саясатын жакшыртуу боюнча милдет турганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды активдештирип, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфраструктуралык долбоорлордун ичинде Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу өткөрүүгө дюкер куруу зарылдыгы белгиленди. Буга керектелген 1,9 млрд сомдун бир бөлүгү республикалык бюджетке 2020-жылга каралат, калган бөлүгү эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен тартылат.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2023-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 объект аныкталганын билдирди. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14дө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

Анын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджеттин жүктөмүн азайтуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, калган объектилер боюнча потенциалдуу инвесторлор менен маселелерди кайрадан иштеп чыгуу үчүн документтердин долбоордук-сметасы даяр.

Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырарын жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөрүн кошумчалады. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Негизинен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкынан жана башкалардан. Бүгүнкү күндө өлкө аймактары боюнча таза суу долбоорлорун ишке ашырууга донорлордон тартылган каражаттар бөлүштүрүлүүдө.

Аскарбек Токтошев 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражаттар жетиштүү экенин, анын ичинен 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий