• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: «Кара-Балта-Бишкек» жолунун курулушу аталган тилкедеги жол кыймылынын коопсуздугун күчөтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кара-Балта - Бишкек» авто жол тилкесиндеги курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, «Кара-Балта - Бишкек» авто жолунун жалпы узундугу 45,1 километрди түзөт. Министрлик кытай компаниясы «China Railway #5 Engineering Group Co., LTD» менен аталган жолдун курулуш ишитерин аткаруу боюнча келишимге кол койгон. Жол биринчи категорияда,төрт сызыктуу болот.

«Курулуш иштерин баштоого чейин болжолдуу даярдык иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде үч миңге жакын дарактар кыйылды. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында жол боюна жаңы бак-дарактарды отургузуу күтүлүүдө. Авто жолдун курулушу Москва районунан, карьерге жакын жайгашкан жерден башталат.

Азыркы учурда курулуш иштери эми гана башталууда. Курулуш иштерин жүргүзүүдө транспорттук кыймыл үчүн жолдун бир бөлүгү убактылуу жабылат», - деди министр.

Жамшитбек Калилов баса белгилегендей, бардык финансылык каражаттар, зарыл техника жана жумушчу күчү жетиштүү өлчөмдө камсыздалган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 120,8 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 22,8 млн АКШ доллары республикалык бюджеттен бөлүнсө, калганы гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен бөлүнөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкөнүн бардык аймактарында жол инфраструктурасын жакшыртуу жана ички жолдорду асфальттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2017-жылы ички жолдорду ремонттоого республикалык бюджеттен 750млн сом каралган.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, «Кара-Балта - Бишкек» жолун куруу долбоору аталган тилкедеги жол кыймылы коопсуздугун күчөтөт.

Премьер-министр долбоорду аткарууда катуу талаптар коюлганын, ошондуктан жол курулуш иштери жогорку сапатта камсыз болуусу зарылдыгын эскертти.

"Калктын бийликке болгон ишениминин деңгээли мамлекеттик органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынан көз каранды. Буга автоунаа жолдорунун ремонттоонун сапаты да кирет", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн транспорттук каттамын жакшыртууга багытталган аталган жол тилкесинин долбоорун ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча бийлик органдардын ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий