• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Кара-Көлдөгү таза суу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы ирригациялык долбоорлорду жана таза суу долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, Жазы-Кечүү айылындагы жаңы каналдын курулушу айылдагы сугат жерлердин аянтын 30 гектарга чейин көбөйтүүгө жана колдонуудагы айдоо жерлердин мелиорациялык жөндөмдүүлүгүн 250 гектарга жакшыртууга шарт түзөт.

Президент айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү фермерлер менен дыйкандарды сугат суусу менен өз убагында жана толук кандуу камсыздоодон баштала тургандыгын айтып, бул багыттагы иштерди күчөтүүнүн маанисин дагы бир ирет баса белгиледи.

Андан соң Мамлекет башчысы жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Жазы-Кечүү айылындагы таза суу көйгөйү айыл жаңы түзүлгөн 1970-жылдан бери курч турган маселелерден болуп саналат.

Долбоорду жүзөгө ашыруу эки миңден ашуун тургундун таза ичүүчү сууга жетүүсүн камсыздайт.

Сооронбай Жээнбеков таза сууга байланышкан маселе республиканын бардык региондорунда этап-этабы менен чечиле тургандыгын белгиледи. Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин координацияланган иши менен бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы аталган маселелерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жаңы мамлекеттик орган — Кыргыз Республикасынына караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлгөндүгүн эске салды.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Көл шаарындагы Д. Шопоков атындагы № 4 орто мектептин абалы менен таанышты. Бүгүнкү күндө аталган мектептин экинчи корпусунун 1992-жылы токтоп калган курулушун бүткөрүү зарыл болуп турат.

Окуучулар 3 нөөмөттө окуп, жалпы билим берүүчү окуу жайынын жаңы корпусун куруу абдан зарыл болууда.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматына ылайык, Д. Шопоков атындагы № 4 орто мектептин курулушу 2020- жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий