• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентинин кызматына киришкени менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентинин кызматына киришкени менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, - деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, Казакстанды 30 жылдай башкарган тургуч президент Нурсултан Назарбаев кечээ, 19-марта өз эрки менен отставкага кетти. Бүгүн, 20-мартта Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Казактандын президенти катары ант берди.

Пикир

Оставить комментарий