• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков казак элин жана Токаев менен Назарбаевди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди жана боордош Казакстан элин кирип келе жаткан Жаңы 2020-жылы менен куттуктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге Жаңы 2020-жылы бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Андан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди жана казакстандыктарды келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын 2019-жылдагы интенсивдүү жана жакшы динамикалуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий