• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри менен жолукту

Өкмөт 0


БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. 14-августта, Астана шаарында өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Кыргыз делегациясынын Астана шаарында кубанычтуу тосуп алганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Алдыда боло турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын ийгиликтүү өткөрүп алууңуздарды каалайм. Казакстан Республикасы менен стратегиялык кызматташууларды бекемдөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат. Кыргызстанга сырттан келген түз инвестициялар боюнча Казакстан алдыңкы орунда турат. Азыркы тапта эки тараптуу кызматташууларда казак тараптан чечиле турган жана колдоону талап кылган маанилүү маселелер турат. Алардын арасынан ЕврАзЭСтин алкагында чек ара тармагында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө актуалдуу маселе болуп саналат. Өткөн жолугушууда биз «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булун – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүү, «Ак-Тилек – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна кыргыз тараптан жана «Кара-Суу» казак тараптан көпүрө куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Аталган маселени чечүүнү тездетүүңүздү суранам», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүү үчүн, эки тарап тең түшүнүү менен мамиле жасап, алдыга жылууга кызыкдар экенин билдирди.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки элдин кызыкчылыгы үчүн бардык маселелерди чечүүгө түшүнүү менен мамиле жасап, аны аткарууга кызыкдар. Бул баарынан маанилүү. Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагындагы курорттук зоналарга эч кандай тоскоолдуксуз туристтерди өткөрүүгө бардык шарттарды түзгөндүгү абдан жагымдуу. Жакын арада тараптар «Ак-Тилек – автодорожный» жана «Кара-Суу» көзөмөл өткөрүү пункттарын бириктирген көпүрөнү каржылоону баштайт. Ошондой эле жакында «Кең-Булун – автодорожный» жана «Токмок – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттары көп тармактуу болуп статусу өзгөрүлөт. Мындан сырткары тараптар ортосунда мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча келишимдин долбоору талкууланып бүттү. Ага жакын арада кол коюу пландалууда. Эки элдин бир туугандык докстук мамилесин эске алуу менен, биз жакын арада Кыргыз Республикасынын түштүк тарабынада болгон жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга курулуш материалдарын гуманитардык жардам катары жөнөткөнү турабыз», — деди Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев.

Сооронбай Жээнбеков биздин өлкөнүн ЕврАзЭС курамына кирүүсүнө байланыштуу техникалык жардам көрсөтүү катары 100 млн АКШ долларын бөлүү боюнча макулдашууну ратификациялагандыгы үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирип, Астана шаарында эл аралык адистештирилген ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий