• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Казакстандын президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук, мындан ары да мамлекеттик жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Мамлекет башчылары үстүбүздөгү жылы кыргыз-казак кызматташтыгындагы оң динамиканы канааттануу менен белгилешип, Казакстан Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик визитинин күн тартибин талкуулашты.

Мындан мурда президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүнө карата Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевден куттуктоо телеграммасын алган.

Пикир

Оставить комментарий