• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Казакстандын жана Өзбекстандын президенттерине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 21.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Алматы-Ташкент автожолунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Адам курмандыктарына алып келген Казакстан Республикасынын Алматы-Ташкент автожолунда болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикас ынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий