• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткаргандар жоопкерчилик тартышы керек

Президент 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алган учурда билдирди.

Президенттин айтуусунда, республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Жолугушууда учурдагы жыйынтыктар, өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий