• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков КЭР тѳрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шэньси провинциясынын Шэньму шаарындагы көмүр шахтасы көчүп түшкөндүгүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Тѳрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты.

«Шэньси провинциясынын Шэньму шаарындагы көмүр шахтасы көчүп түшкөндүгүнүн кесепетинен адамдар каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, ушул кырсыктан жабыркагандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалайм. Ушул оор убакытта орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий