• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү (сүрөт)

Саясат 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелери, ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана бардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.

Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен өз ара мамилелерди тереңдетүүгө Кытай кызыкдар экенин белгиледи.

«Биз кыргыз-кытай мамилелеринин келечегине оптимисттик көз караштабыз, мен Кытай менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экениңиз тууралуу Сиздин билдирүүңүздү баалайм. Биз жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биздин ар тараптуу өз ара аракеттешүүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жактайбыз. Мен биздин мамилелердин келечегине оптимизм менен карайм жана кылымдардан берки достуктун духунда биздин элдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз», - деп белгиледи Си Цзиньпин.

КЭР Төрагасы Кытай Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын саясатын мындан ары да колдоону көздөйт деп белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана ал менен алгачкы жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.

«Мен өзүмдүн биринчи мамлекеттик визитим менен кайрадан Кытай жергесине келгениме, эң сонун Пекин шаарын көргөнүмө, ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышканы жатканыма кубанычтамын. Бул менин Кыргыз Республикасынын Президенти катары Кытайга биринчи визитим. Менин Кытайга мамлекеттик визитим биздин тышкы саясатыбыздын багыты өзгөрүлбөстүгүнүн далили болуп саналат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан үчүн Кытай жакшы кошуна, чыныгы дос, маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи. «Биздин өлкөлөр ортосунда достуктун, жакшы кошуналыктын жана өз ара ишенимдин негизинде жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү толук түшүнүшүү бар экенин канааттануу менен белгилейм. Кытай гранттар, насыялар жана техникалык жардам түрүндө Кыргызстанга чоң жардам көрсөтүп келет. Бул Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү өбөлгө», - деди Кыргызстандын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков Төрага Си Цзиньпин менен биргелешкен аракеттер кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүп, өз ара аракеттешүү тарыхында жаңы барак ачаарына ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Кытайда болуп жаткан тарыхый окуяларга кунт коюу менен көңүл бураарын белгилеп, Кытай Коммунисттик партиясынын 19-съездинин жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык чогулушунун, ошондой эле Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Ал Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын кызматына кайра шайланышы менен куттуктады жана КЭР Төрагасынын алысты көрө билген көрөгөчтүгү жана бай тажрыйбасы Кытайдын жаңы жетишкендиктерине, ошондой эле биздин өлкөлөр ортосундагы достукту жана өз ара ишенимди бекемдөөгө өбөлгө болооруна ишене турганын билдирди.

«Быйыл Кытайда реформалар жана ачык-айкындуулук саясатынын ишке ашырылып жатканына 40 жыл болот. Биз кытай элинин жетишкендиктерине чын дилибизден кубанабыз. Сиз чордонунда турган Кытай Коммунисттик партиясынын акылман жетекчилиги менен кытай эли кытай өзгөчөлүгү бар социализмди куруунун жаңы дооруна киришүүдө жеңиштерге жетишерине ишенем.

«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын салттуу негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн мыкты негиз түзөт, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. - Кыргызстан биздин өлкөлөр ортосундагы мурда жетишилген бардык макулдашуулардын жана келишим дердин принциптерин, ченемдерин жана жоболорун карманат. Биздин өлкөбүз Кытай үчүн дос, ишенимдүү, так божомолдуу өнөктөш болгон, азыр да ошондой жана мындан ары да ошол бойдон калат».

Азыркы “жашыл экономикага” өтүү тенденциялары жөнүндө айтып, Президент Сооронбай Жээнбеков кытай тарапка Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

«Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү багыт деп эсептейм», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Кытай ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарынын бири экенин жана ыңгайлуу саясий фон экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагында кызматташуу маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кытайдын жогорку окуу жайларында окууга студенттер үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы улуттук азчылыктардын маданиятын өнүктүрүү боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоо жана аткарылып жаткан иштер үчүн, тактап айтканда, залкар манасчы Жусуп Мамайдын “Манас” эпосу китебинин варианты боюнча кытай тилинде опера койгону үчүн, кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Ал мамлекеттик визит аяктагандан кийин бул операга бара турганын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Төрага Си Цзиньпинди 2019-жылы өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин алдында Кыргыз Республикасына жооп иретинде мамлекеттик визит менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий