• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Кийинки эки жылда түзүлгөн экономикалык климат региондорду өнүктүрүү үчүн дем берет

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. «Азыркы тапта элет жеринде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түздүк. Кийинки эки жылда түзүлгөн экономикалык климат региондорду өнүктүрүү үчүн күчтүү түрткү берет», – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы бул шарттарды пайдалануу менен өлкөнүн региондору, анын ичинде Ысык-Ата району өнүгөт деп билдирип, ал боюнча жалпы республикада болуп жаткан, региондорду өнүктүрүүгө багытталган иштер жөнүндө кыскача маалымат берди.

Жагымдуу инвестициялык климат түзүү менен бизнести колдоо үчүн жасалган иштерди өзүнчө белгилеп өттү.

«Салык жагынан колдоо боюнча абдан көп иштерди аткардык. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Ал эми пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду», – деди ал.

Мындан тышкары, айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн бошотулган (кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктар).

Жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылган.

«Бул жердеги ар бир кызматкер орточо эсеп менен мурдагы 1500 сомдун ордуна — азыр орточо алганда 400 сомдон төлөшөт. Ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга азайтылды», – деди Жээнбеков.

Тиешелүү мыйзам январь айынын ортосунда күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий