• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков кинематографисттерди Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн кинематографисттерин кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу кино ишмерлери жана кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!

Кыргызстан кинематографиясы санжыралуу тарыхка ээ. Кыргыз киночуларынын жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына өзгөчө таасир берип, бүтүндөй бир муундун көркөм дүйнөсүнө айланды. Дүйнөлүк коомчулук учурунда улуттук кинобузду „кыргыз керемети“ деп жогору баалаган.

Улуттук кинематографтын калыптанышы жана гүлдөп өнүгүшү улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта. Залкар жазуучунун чыгармалары — улуттук кино өнөрүнүн көөнөрбөс башаты. Анын адабий мурасы азыркы күндө да кино искусствосунун жаратуучулары үчүн түгөнгүс булакка айланып олтурат.

Быйылкы Кыргыз киносунун күнү борбор шаарыбыздагы алгачкы „Ала-Тоо“ кинотеатрынын 80 жылдык майрамына туш келди. Алгачкы кинотеатр — республикалык тарыхый архитектуралык жана маданий эстелик. Улуттук кинотүйүндүн флагманы, кино өнөрүнүн ордосу. Борбор калаабыздын маданий символу.

Кыргыз киносу — улуттук өнөрдүн көч башында болуп, дүйнөлүк кадыр-барктуу фестивалдарда жогору бааланып, эл аралык деңгээлде зор резонанс жаратып келет. Кинематографисттерибиз жакшы салттарды улантып, мындан ары да элибизди жаратмандыкка, адамдык бийик касиеттерге шыктандырган мыкты тасмаларды тартуулай берет деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана чыгармачыл зор ийгиликтерди, ал эми эгемендүү Кыргызстаныбызга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий