• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков КК Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты.

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен эл турмушунун коопсуздугу турушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен күч органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуунун маанисине көңүл бурду.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскер кызматкерлери кызмат кылуусун, анын ичинде Бишкек шаарынын комендатурасы менен өз ара аракеттешүүсүн улантып жатканын маалымдады.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров кечээ жакында Бишкек шаарында 5-6-октябрь күндөрүндөгү окуялардын жүрүшүндө жаракат алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин абалынан кабар алганын билдирди. Аларга Кыргыз Республикасынын Башкы командачысынын атынан материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду. Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген Алмазбек Орозалиев буга байланыштуу коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий