• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков ККП БКнын саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытай Республикасынын Пекин шаарындагы "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышуунун алкагында ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти менен жылуу учурашып, Ван Хунин кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазылык билдирди.

“2018-жылдын июнь айында Сиз Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен келдиңиз жана Төрага Си Цзиньпин менен бирге биздин өз ара мамилелерибизди ар тараптуу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгардыңыздар. Мында Сиздин чоң эмгегиңиз бар, биз аны жогору баалайбыз”, - деп белгиледи ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин.

Ал ШКУнун алкагындагы жана “Бир алкак – бир жол” платформасы боюнча Кытайдын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алуу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирип, "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумунун жогорку деңгээлде өтүп жатканын баса белгиледи. Форум кытайлык достор менен жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

“Биз Төрага Си Цзиньпиндин эң сонун сөзүнө күбө болдук. Форум абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ага ондогон мамлекеттердин башчылары катышып жатканы биздин досторубуздун –стратегиялык өнөктөшүбүз Кытай Эл Республикасынын эл аралык аренадагы бийик аброюн көрөстүп турат. Өткөн жылы Кытай реформалар жана ачык-айкындуулук саясатынын 40 жылдыгын белгиледи. Ушул 40 жыл ичинде Кытайдын жетекчилиги жана бардык кытай эли талыкпаган эмгек менен өлкөнү өнүктүрүүдө албан ийгиликтерге жетишти. Кытай Эл Республикасы быйыл өзүнүн негизделишинин 70-жылдыгын белгилейт. Бүгүн КЭР эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга чоң салым кошуууда. Кыргызстан бизге дос Кытай өлкөсүнүн ийгиликтерине ар дайым кубанычта”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан быйыл КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визит менен келишин күтүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий