• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесин карайт

Өкмөт 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү медициналык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселесин карайт,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу ооруулар клиникалык ооруканасына барган учурунда.

«Сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү кесипкөй кадрлар чоң үчүн ролду ойнойт. Квалификациялуу адистерди сактап калуу жана жаңы кызматкерлерди тартуу үчүн аларга тактыктуу эмгек акысын киргизүү менен ыңгайлуу жумуш шарттарын түзүү зарыл», – деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы оорукананы көрүп, анын ичинде жакында эле ачылган кыска мөөнөткө келгендерди кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыкты. Бул жерде стационардык дарылоого муктаж эмес оорулууларга жардам көрсөтүлөт. Медициналык мекеменин иши жана көйгөлөрү тууралуу Республикалык жугуштуу ооруулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гульжигит Аалиев айтып берди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков клиниканын жетекчисин угуп, тийешелъъ мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону тапшырды.

Андан ары Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаары боюнча жумушчу сапарынын алкагында «Ак-Ордо» конушундагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жащы окуу мекемеси 960 окуучуга эсептелген. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов маалымдагандай, бүгүнкү күндө «Ак-Ордо» конушунда орто билим берүү мекемеси жок. Ошондуктан балдар коңшу «Ак-Өргөө» конушундагы мектепке барууга аргасыз.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, өткөн 2016-жылы республика боюнча 97 жаңы социалдык объектилер курулган. Бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 5,2 млрд сом бөлүндү.

«Быйылкы жылы аталган максатта 5,9 млрд сом багытталды, авариялык абалдагы социалдык объектилер толугу менен ремонттон өткөрүлүп, жаңы курулуштарды куруу улантылат. Аталган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү мектептерди ремонттого жана курууга бөлүндү. Мугалимдерге колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөлүк эс алуусун уюштуруу максатында Ысык-Көл курорттук аймагында жайгашкан «Асыл» пансионаты Билим берүү министрлигине өткөрүлүп берилди», -деп эске салды Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы ошондой эле Бишкек шаарындагы №25 орто мектептин реконструкциялоонун жъръшъ менен таанышты. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов маалымдагандай, аталган мектеп 1953-жылы пайдаланууга тапшырылган. Авариялык абалына байланыштуу 2013-2014-окуу жылынын башында бардык окуучулар, башкача айтканда 900 окуучу жана педагогикалык жамаат Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейге убактылуу которулган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, окуу мекемесинин имаратынын реконструкциялоодо курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мындан улам бардык талаптарга жооп берген атамекендик өндүрүштүн курулуш материалдарын колдонуу керек.

Пикир

Оставить комментарий