• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков КМШ өлкөлөрүнүн советтик билим берүү системасынан алысташы керектигин айтты

Президент 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди старт алды. Кыргызстандын президенти Соронбай Жээнбеков аталган аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы жаңы билим берүү системасын түзүү керектигине өзгөчө көңүл бурду.

“Биз мугалимдердин – эң асыл кесиптин ээлеринин съезди билим берүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болгон Кыргызстанда өтүп жатканына кубанычтабыз. Өзүңүздөр жакшы билгендей, советтик билим берүү системасы ошол коомдун талаптары үчүн жооп берген, экономиканын, социалдык жашоонун, мамлекеттик башкаруунун жана коргоонун сурамдарына ийгиликтүү жооп берген”, - деп президент өз сөзүн баштады.

Анын айтымында, бул дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү системасын түзгөн. Жалпы билим берүү мейкиндиги бири-биринен ийгиликтүү практиканы алууга шарт түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий