• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жатат

Президент 0

Бишкек, 29.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Расмий жолугушуп, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Шериктештик өлкөлөрүнүн лидерлери КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитинин тар курамдагы жыйынына катышууга бет алышты.

Жыйында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенишүү тууралуу пикир алмашуу болду. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде төрагалык жүргүзүү жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу маселелер каралды. Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда өткөрүлөт.

КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитинин ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко , Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Армениянын Премьер-министри Никола Пашинян жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Пурли Агамурадов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий