• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт - президент

Президент 0

Бишкек. 04.07.19. /Кабар/. "Коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт", - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Чек аранын бекем болушу – ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыӊыздар, майтарылбас эркиӊиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй – бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз», – деп белгиледи президент.

Мамлекет башчы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз 85 пайызга такталганын эске салды.

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Менин Душанбеге жасаган расмий сапарымда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, бир максатка келдик. Жакында ал Кыргызстанга сапар менен келет, сүйлөшүүлөр уланат. Биз чек ара маселесин эч качан ачык бойдон таштап койбойбуз. Тажикстандын президенти да, мен дагы сүйлөшүүлөргө ачыкпыз», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эртеби, кечпи бул маселе сөзсүз чечилерин, ал үчүн убакыт, анан сабырдуулук керектигин айтты. Анткени 30 жылдан бери келе жаткан маселе убакытты талап кылат, дароо эле чечилбейт.

«Мен билем, такталбаган чек аранын айынан ар кандай окуялар орун алууда. Ошондуктан, чагымчылдарга алдырбай, «алыскы туугандан – жакынкы коӊшу артык» дегендей, коӊшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу – өзгөчө маанилүү. Түбөлүктүү коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт. Коӊшулар менен ичкен суубуз бир, базарыбыз, мазарыбыз, динибиз бир», — деди ал.

Ал чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Бирок ар кандай чагымдарга алдырбай, ага жол бербестен, укук коргоо органдарына өз ишин аткарууга мүмкүндүк берүү керектигин айтты.

Мамлекет башчы эске салгандай, Мекен сактыгында турган чек арачылардын эмгегин белгилеп, аларга татыктуу шарт түзүп берүү боюнча Баткен облусунда жаӊы заставалар, посттор жана имараттар, чек ара инфраструктуралары жана турак үйлөр ишке берилди. Аскер кызматкерлери үчүн 24 батирлүү жана 90 батирлүү турак үйлөр жана Ички иштер министрлигинин административдик имараты бүткөрүлдү.

2017-жылы «Миӊбулак» чек ара заставасы жана «Чарбак» заставасында аскер кызматкерлери үчүн турак үй курулду. 2018-жылы «Газпром» чек ара заставасы иштеп баштады. 2019-жылы «Достук», «Орто-Боз» жана «Факел» («Ак-Турпак») чек ара заставасынын комплекси курулуп, ишке берилди. Чек араны бекемдөө боюнча инженердик-техникалык иштер дагы ырааты менен жүрүп жатат.

Өкмөттүн 2013-жылы чыккан атайын токтомуна ылайык, Баткен районундагы чек арага чектеш айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштар аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий