• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу иштери менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-февралда КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 24-январындагы КР Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин ишке ашырылышы талкууланды.

Кызматтык-ыкчам ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын кароо боюнча коллегиялардын жыйындары өткөрүлгөнү, алардын жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилери жана кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, айрымдары ээлеген кызмат орундарынан бошотулганы белгиленди.

Укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кызматтык тартипти бузууга жана бүтүндөй системанын беделин түшүрүүгө жол бербөөсү белгиленди. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды.

Президент Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук Кеңешине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Комитетинин экинчи жыйынынын алкагындагы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өлкөнүн бизнес-чөйрөсүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөргөнүнө токтолду.

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, бизнес тараптан күтүлгөндөй жигердүүлүк байкалбаганын, бул укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн жана кысым көрсөтүүлөрдүн дагы эле болуп жатканы менен да шартталарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары менен көзөмөл органдары ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча фактылар аныкталса, тиешелүү чараларды көрүүлөрү керектигин кошумчалады.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам аракеттер көрүлүшү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал укук коргоо органдары менен бизнес-түзүмдөрүнүн өз ара мамилесин жакшыртуу жаатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы укук коргоо органдары коррупция жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүүдөн түшкөн акча каражаттары үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууну өз ара жарышкансып, статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында көпчүлүк учурда бизнестин укуктарын бузууга барып жатышкандары тууралуу көптөгөн ишкерлерден арыздануулар түшкөнүн айтып, буга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Президент укук коргоо органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды.

Өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин эске алуу менен президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына укук коргоо органдары менен бирге экономикалык кылмыштардан мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдарды ордуна келтирүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө дем берүү жөнүндө Жобонун ченемдерин колдонуунун максатка ылайыктуулугун карап, сунуш берүүнү тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысына ордуна келтирилген финансы каражаттарынын баары түздөн-түз республикалык бюджетке түшүүсүн шарттаган механизмди иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий