• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин «КР санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду

Президент 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Чечимдин долбоору 2018-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштары жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып иштелип чыккан.

Чечимдин тексти:

Азыркы мезгилде санариптик технологиялардын өнүгүүсү жана алардын экономиканын өсүшүнө, мамлекеттик башкарууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, бизнес жүргүзүүнүн ыкмаларына жана адамдардын жашоо мүнөзүнө тийгизген таасири байкалууда.

Кыргыз Республикасынын алдында динамикалуу прогрессти камсыз кылуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Тездетилген өнүгүү үчүн ыкчам чара көрүү жана ресурстарды топтоштуруу мезгилдин талабы болуп саналат.

Коомдук мамилелердин бардык чөйрөлөрү алдынкы маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен заманбап мамилелерди жана усулдарды киргизүүнү талап кылат.

Санариптик трансформация мезгилинде экономиканын өсүшүн камсыз кылуу үчүн биздин коомду санарипке өткөрүүдөн мүмкүн болгон максималдуу пайданы алууга негиз түзүү зарыл.

Жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү санариптик трансформация коомчулукта ачык коммуникациялар маданиятын, билимдерди алмашууну түзүүнү жана биргелешкен чыгармачылыкты жайылтууну талап кылат. Калктын бардык катмарынын арасында, өзгөчө айыл жергесинде жаңы технологияларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн кеңири масштабдуу билим берүүчүлүк жана агартуучулук ишти баштоо зарыл.

Кызматташтык жөнүндө чечимдерди кабыл алууда потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнес-өнөктөштөр маалыматтардын жалпы таанылган жана абройлуу булактарына таянышат.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун версиясы боюнча глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк рейтингинде Кыргыз Республикасы 2017-2018-жылдары дүйнөнүн 137 өлкөсүнүн ичинен 102-орунду ээлейт (индекс 3.9 болгон).

Бизнес жүргүзүү үчүн өтө көйгөйлүү факторлор катары төмөнкүлөр белгиленген: коррупция, өкмөттүн туруктуу эместиги, каржылоонун жеткиликтүүлүгү, салыктык жөнгө салуу, натыйжасыз өкмөттүк бюрократия.

Бириккен Улуттар Уюмунун электрондук өкмөттү өнүктүрүү деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз Республикасы 2018-жылы 91-орунду ээлеген (дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн ичинен, индекс 0,5835 болгон). Жарандардын электрондук катышуусунун рейтингинде Кыргыз Республикасы 75-орунду ээлейт.

Санариптик кызмат көрсөтүү жана маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсү негизги көйгөйлүү участкалар бойдон калууда.

Инновациялар индекси боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде INSEAD Эл аралык бизнес-мектебинин версиясы боюнча Кыргыз Республикасы 2017-жылы 95-орунду ээлеген (дүйнөнүн 127 өлкөсүнүн ичинен, индекс 28,01 болгон).

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтингинде Электр байланыш эл аралык бирлигинин версиясы боюнча Кыргыз Республикасы 2017-жылы 109-орунду (дүйнөнүн 176 өлкөсүнүн ичинен) жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунду ээлеген.

Компьютери бар (21,40%; КМШ боюнча орточо — 67,40%) Интернет түйүнүн жеке колдонуучуларынын (34,50%; КМШ боюнча орточо — 65,10%) жана үй чарбаларынын жетишсиз саны, ошондой эле Интернет түйүнүнө үй чарбаларынын жеткиликтүүлүгү (18,76%; КМШ боюнча орточо — 68,00%) негизги көйгөйлүү багыттар болуп саналат.

Катталган кеңири тилкелүү абоненттердин саны боюнча (100 жашоочунун эсебинде — 4,08; КМШ боюнча орточо — 15,80) төмөн көрсөткүч да көйгөйлүү болуп эсептелет.

Өлкөнүн ири шаарларынын жашоочулары Интернет түйүнүнө салыштырмалуу кымбат эмес жана сапаттуу кошула алганына карабастан, өлкөнүн айылдагы жана өтө алыстагы региондорунун жашоочуларынын заманбап телекоммуникациялык инфраструктураларга жана кызмат көрсөтүүлөргө иш жүзүндө кошула албагандыгынын, бул кошулуунун наркы, анын ичинде компьютерлердин жана смартфондордун наркы жогору болгондугунун айынан бул мүмкүнчүлүктөн ажыраган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын алдында максималдуу кыска мөөнөттөрдө экономиканын динамикалуу өнүгүүсүнө бөгөт болгон жогоруда аталган тоскоолдуктарды жоюу маселеси турат. Аны чечүү үчүн санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүү талап кылынат.

Инновациялык ыкмаларды колдонууга, алдынкы маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен бардык процесстерди автоматташтырууга негизделген мамлекеттик башкаруудагы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн убакыт келип жетти.

Мамлекетти санариптик трансформациялоону тездетүү жана санариптик экономикага өтүүгө институционалдык жана инфраструктуралык мүнөздөгү жетиштүү болгон шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракетин бириктирүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

  1. «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясы (мындан ары — Концепция) жактырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:

— мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашырууда Концепцияны ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан жана демилгеленген мыйзам актыларынын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте кароо;

— Концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун өз учурунда иштеп чыгуу максатында атайын парламенттик-өкмөттүк комиссияны түзүү тууралуу маселени карап чыксын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1) төмөнкү чараларды көрсүн:

— «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жобосун автоматташтырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган автоматташтырылган мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүүнү жана башка иш-аракеттерди аягына чыгаруу боюнча;

— 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигин — 2019-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин — 2019-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошуу менен байланышкан технологиялык процесстерди аягына чыгаруу боюнча;

— Концепцияны ишке ашыруу процессин финансылык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу боюнча;

— маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу менен алектенген мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистери үчүн эң аз эмгек акыны жеке IT-компаниялар деңгээлинде белгилөө жана ушул адистерге эмгек акы төлөө фондун түзүү боюнча;

— 2019-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, анын ичинде 2018-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы тарабынан жарыяланган, 25 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү процессин аягына чыгаруу боюнча;

— IT-технологиялар чөйрөсүндө квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча.

2) 2019-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасына электрондук башкарууну киргизүү процессин техникалык координациялоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылсын;

3) 2019-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө төмөнкү маселелерди ишке ашыруу боюнча ыкмаларды жана көз караштарды аныктоочу Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясын жеткире иштеп чыксын жана кабыл алсын:

— банктык, телекоммуникациялык жана башка сервистик инфраструктуранын киберкоопсуздугун камсыз кылуу үчүн компьютердик чыр-чатактарга чара көрүү топтору, киберкоркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана чара көрүү борборлору сыяктуу өз ара так чектелген уюштуруучу түзүмдөрдү түзүү;

— компьютердик кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн укуктук жана усулдук негиздерди түзүү;

— криптографиялык коргоо системасын кошо алганда, маалыматты коргоонун улуттук системасын түзүү;

— Кыргыз Республикасынын купуя маалыматтык инфраструктурасынын коопсуздугун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик эмес сектордун уюмдарынын киберкоопсуздугун камсыз кылуу системасын түзүү;

— техникалык стандартташтыруу жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатында эл аралык кызматташтыкты түзүү;

— киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатында адамдык потенциалды өстүрүү жана бекемдөө;

4) 2019-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алсын. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

5) квартал сайын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы астында Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө кеңешме өткөрүлсүн.

6) 2019-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Концепцияны ишке ашыруу процессин тескөө боюнча борбор түзүлсүн;

7) Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенип:

— Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды көрсүн;

— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 5не чейин берип турсун.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө бул чөйрөнү регламенттеген тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана демилгелөө менен Кыргыз Республикасына кирүүчү/чыгуучу интернет-трафикти эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмдерди колдонууга киргизүүнү камсыз кылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте «Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы:

1) 2018-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына караштуу Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругунун долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;

2) 2019-жылдын 20-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу тобу менен биргеликте «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтсүн;

3) Концепцияны аткаруунун мониторингин аны ишке ашыруу процессине баа берүү менен туруктуу негизде жүргүзсүн.

  1. Бул Чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

Пикир

Оставить комментарий