• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылынып жатат

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылынып жатат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 24-январда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештин «Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» чечимин ишке ашыруу — Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудан да көз каранды болорун белгиледи.

«Ушуга байланыштуу, мен Жогорку Кеңештин пөрагасы Дастанбек Артисбековичтен жана премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевичтен „Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө“ жана „Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга контролдук кылууну өтүнөм. Укук коргоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды камтыган толуктоолорду киргизүү — принципиалдуу мааниге ээ», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал айрым жетекчилер Коопсуздук кеңешине маалыматты жөнөтүп жатып, эмнеге кол коюп жатканын да окушпаганын, Финансы полициясы өзүнүн маалыматында, Жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий бар экенин жазганына көңүл бурду.

«Негиз катары — Өкмөттүн 2018-жылдагы токтомуна шилтеме кылат. Бул токтом 2019-жылдын апрель айында эле өзүнүн күчүн жоготкон. Сегиз ай мурда. Маалыматта „Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө“ Мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп жатканы айтылат. Бул Мыйзам кабыл алынып, 2020-жылдын башынан күчүнө кирди. Резонанстуу иштер боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын туруктуу негизде жарыялап туруу — Коопсуздук кеңештин чечими менен укук коргоо органдарына сунушталган. Ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук органдары бул маалыматтарды жарыялап, тиешелүү маалыматтарды берип жатат. Ал эми Финансы полициясы мындай иликтөөлөр боюнча маалымат — кызматтык мүнөздө экендигин шылтоо кылып, маалымат беришпейт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий