• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Коорупцияга каршы күрөш улантылат

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Коорупцияга каршы күрөш улантылат. ММК, жарандык сектор колдоп жатышат, мындай колдоо менен биз күрөштү күчөтөбүз. Бул тууралуу бүгүн, 24-январь күнү президент Сооронбай Жээнбеков КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алынган бардык чечимдери коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталганын эске салды. Бюджетке миллиарддаган акча кайтарылып, анын эсебинен балдар үчүн мектептер курулуп жатат.

«Коррупция деген илдет адамзаттын көйгөйү, биздин коомду да эң түйшөлткөн көрүнүш. Тилекке каршы, коррупция биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугунун коркунучу бойдон калууда. Өнүгүүбүзгө жолтоо болуп жатат. Коррупция ар бир жаранга жана чет өлкөлүк инвесторлорго залалы тийген орчундуу маселе бойдон калууда», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү отурумда мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралып, жетишкендиктер да, кемчиликтер да ачык-айкын белгиленип, жалпы коомчулук кабардар болгонун, бир дагы чечим аткарылбай калбоосу керек экенин белгиледи.

Коррупцияга каршы күрөштө ийгиликке жетүү үчүн негизги курал — санариптештирүү.

«Санариптештирүүнү — эч качан токтоп калбай, дайыма улана турган узак, бирок, зарыл саясат катары карайбыз. Тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу үчүн да жаңы технологияларды активдүү киргизебиз. Бул чөйрөдө ачык-айкындыкты орнотуу менен коррупцияны кескин кыскартабыз», — деди ал.

Жээнбеков жарандык коомдун жана ММКнын ордун өзгөчө белгилеп, алардын жардамы менен коррупцияга каршы күрөшүүдө ачык-айкындуулук жана натыйжалуулук өсүп жатканын айтып өттү.

Коопсуздук кеңешинин жыйындарында ирети менен башка тармактардын да актуалдуу маселелери караларын кошумчалады.

«Коопсуздук кеӊештин келерки жыйынында саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн, кийинчерээк энергетика тармагынын маселелерин карайбыз. Кыргызстан үчүн күйүп жанган ар бир мамлекеттик кызматкер коррупцияга каршы күрөшүүсү керек, ар бир жаран бул илдетке каршы күрөштү колдоосу зарыл», — деди Жээнбеков.

Аягында президент мамлекеттик органдардын жетекчилерин өлкө жана эл үчүн ак ниеттүүлүк менен эмгектенүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий