• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

«Бул акыркы 28 жыл ичиндеги, биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы визит. Сиздин визитиңиз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө өбөлгө болот», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал 200дөн ашык кореялык компаниялардын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн кыргыз-корей бизнес-форуму келечекте жакшы жемишин берерин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы көп сандагы корей диаспорасы Корея өлкөсү менен кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи. Алардын арасында ата-мекендик экономиканы өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жаткан коомдук ишмерлер, чоң ишкерлер жана интеллигенция өкүлдөрү бар.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Корея тарапка ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдар ичинде Корея тараптан Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү бүгүнкү күнгө карата 42 млн АКШ долларын түздү.

Корея Премьер-министри Ли Нак Ен да өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин Кыргызстанга расмий визит менен келген Кореянын биринчи Өкмөт башчысы экенин белгиледи.

«Бул визит кечиккен визит болуп калды. Бирок биз эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн тездетүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Биз өлкө жетекчилигинин аракеттерин баалайбыз. Анткени ошонун натыйжасында Кыргызстандагы демократиялык процесстер туруктуу өнүгүп, жаңы рыноктор ачылып, экономика өнүгүп жатат», — деп белгиледи Ли Нак Ен.

Корея Премьер-министри КОИКА тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөк анчалык чоң эмес, бирок, кореялык тарап Кыргызстанга жардам бергенге ар дайым кубанычта экенин баса белгиледи.

Ал Кыргызстанда башка долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, жакынкы мезгилде билим берүү, административдик башкаруу жана айыл чарба технологияларын өнүктүрүү чөйрөлөрүндө суммасы 7 млн АКШ долларына барабар жардам берүү пландары жөнүндө айтып берди.

Ли Нак Ен өкмөттүк деңгээлде эле эмес, бизнес түзүмдөрү ортосундагы байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстанга түз инвестицияларды тартууга шарт түзөөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушууда ошондой эле санариптештирүү, билим берүү, туризм чөйрөлөрүндө кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий