• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Кореянын президентине суу ташкынынан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге ири суу ташкынынан көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Корея Республикасында көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, кыйроого учураткан ири суу ташкыны болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий