• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Коронавирус ата мекендик медициналык өнөр жайынын дараметин алдыга жылдыруу зарылдыгын көрсөттү

Президент 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9- сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы медициналык каражаттарды чыгарган «Компания Медимпэкс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Башкы директор Канатбек Кадыровдун маалыматы боюнча, ишкана бир жолу колдонулуучу медициналык шприцтерди чыгаруучу ата мекендик бирден бир ишкана болуп саналат.

Компания үч деталдуу инъекциялык жана инсулиндик шприцтерди чыгарат. Бир нөөмөттө 200 миң бир жолу колдонулуучу медициналык шприцтер чыгарылат. Өндүрүштүн базасы заманбап жана уникалдуу жабдуулардан турат, мисалы, өлкө боюнча жалгыз стерилизация кылуучу аппаратка ээ. Бул жылы компания өзүнүн продукцияларын чет мамлекеттерге чыгарып баштоону пландоодо.

Канатбек Кадыров маалымдагандай, ата мекендик буюмдардын сапаты импорттук аналогдордон өтөт, ал эми өздүк наркы башка өндүрүүчүлөргө караганда төмөн.

2017-2018-жылдары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан өндүрүшкө жаңы жабдууларды сатып алуу үчүн 200 миң доллар бөлүнгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо, ата мекендик медициналык өнөр жайынын дараметин алдыга жылдыруу зарылдыгын көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаалда заводдун ишмердүүлүгү өзгөчө пайдалуу экенин баса белгиледи жана каржы институттарын жер-жерлердеги ушундай ишканаларга мындан ары дагы артыкчылык менен көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле Президент Саламаттыкты сактоо министрлигине ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун алкагында өлкөдөгү медициналык мекемелерди камсыз кылуу үчүн «Компания Медимпэкс» ишканасы чыгарган каражаттарын сатып алууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу маселесин дыкат иликтөөнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий