• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Коррупция менен күрөш бийлик системасында уланат, күчөйт

Президент 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-июлда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Талас шаарында облустун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Таластык тургундар менен баарлашуу учурунда Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон каларын белгиледи. Ал уурулук жөнүндө илгерки уламышты мисалга келтирди. «Кытайлык эл башкарган адам өлкөдө кеңири тараган уурулукту кантип жоюунун айласын таппай, даанышман Конфуцийден акыл сураса, ал: „Сен өзүңдөн баштап, напсиңди тыйсаң, башкалар да уурдаганды коёт“ деген экен. Мен баш болуп, баарыбыз мамлекет үчүн таза иштесек, өлкө өнүгөт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бийлик системасындагы коррупцияга каршы күрөш улантылып, күчөй турганын айтты. «Элди башкарам, өлкө башчысы болом деген адам эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Мен эч убакта жеке кызыкчылыгымды мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койбойм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал атайын эсеп ачылып, коррупция менен күрөштүн натыйжасында өндүрүлгөн акча которула баштаганын айтты.

«Мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп берет. Бирок, бул маселени жылдырыш кыйын, оор болуп жатат. Каршылык күчтүү болууда. Ошого карабай башталган ишти аягына чыгарабыз. Күрөш жалпы элдик колдоого ээ болгондо ийгиликке жетебиз», — деген Президент бул иште ага жарандык коомдун, элдин колдоосу керек экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий