• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Коррупция менен күрөшүү – жалпы элдин иши болушу шарт

Коом 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Коррупция менен күрөшүү — менин президенттик ишмердигимдин эң артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Биз коомду коррупциядан тазалабай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз, муну ар кимибиз түшүнүшүбүз керек. Бул президенттин же укук коргоо органдарынын эмес, жалпы элдин иши болушу шарт", – деди президент.

Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган. Көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат, – деп кошумчалады Жээнбеков.

"Коррупционер мактанып элдин арасында жүргөндөн, жоопко тартылгандан коркушу керек. Элдин ырыскысын уурдагандар кайра кайтарып бере тургандай болушу керек. Коррупция менен күрөш токтобойт", – деди президент.

Пикир

Оставить комментарий