• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 09.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Урматтуу мекендештерим!

Жыл сайын 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси боюнча, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Бул күн азыркы глобалдуу проблемалардын бири жөнүндө, анын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жолдору тууралуу ойлонууга түрткү болот.

Коррупция — бул коомдун бардык чөйрөлөрүнө мите курттай сүңгүгөн, мамлекеттин натыйжалуу өнүгүшүнө тоскоол болгон кесел. Ал теңсиздикти жана адилетсиздикти пайда кылат.

Бул зыяндуу көрүнүш менен күрөш Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул саясаттын негизги принциптери — мыйзам үстөмдүгү, акыйкаттык жана жазанын айныксыздыгы.

Карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, бир жыл ичинде көп иштер жасалды. Башкы көңүл коррупцияны жараткан себептерди жоюуга бурулууда. Адам факторун четтетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү кызматкердин жарандар менен түз байланышын азайтууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ишкерлерди алардын бизнесине киришүүлөрдөн жана көптөгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык.

Жарандык коомдун активдүү катышуусу коррупция менен күрөшкө жакшы көмөк болууда. Биргелешкен аракеттер менен гана бул зыяндуу көрүнүштөн арылабыз!

Мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек.

Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш! Коррупцияга каршы сезимди мектептен, бала бакчадан, үй-бүлөдөн баштап, балдарга сиңирүү абзел. Жаштардын жан дүйнөсүндө коомдун тазалыгы жана адилеттиги үчүн жоопкерчилик сезимин өнүктүрүү менен кийинки муундардын коррупция сыяктуу терс көрүнүшкө карата мамилесин өзгөртүү керек.

Урматтуу мекендештер!

Бардык бийлик бутактарынын жана коомчулуктун коррупцияны жоюуга багытталган биргелешкен аракеттери реалдуу оң натыйжаларды берет, алар биз үчүн өсүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, акыйкат, жакшы уюмдашкан жана экономикалык жактан натыйжалуу коом курууга өбөлгө болот деп ишенем.

Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий