• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарга жеттик, бирок, иш дагы эле жетишсиз

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик, бирок, иш дагы эле жетишсиз», деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралууда.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мурдагы жыйындарында каралган артыкчылыктуу мааниси бар олуттуу маселелерге токтолду.

Коопсуздук кеңештин кеңейтилген курамдагы үч жыйналышы өткөрүлгөнүн белгиледи. Абалды өзгөртүүгө багытталган бир катар стратегиялык чечимдер кабыл алынды. Коррупцияга каршы күрөшүүгө күчтүү импульс берилип, бул ишти биздин артыкчылыктуу багытыбыз катары белгиленди.

2018-жылдын 8-февралында болуп өткөн биринчи Коопсуздук кеңеште кабыл алынган чечимдер сот-укуктук реформаларды аягына чыгарууга жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталганын эске салды.

«Бул маселени бүгүн кылдат талкуулайбыз. Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 14-декабрындагы чечими менен „Санарип Кыргызстан 2019-2023“ концепциясы бекитилген.

Ал санарип коомду түзүү, коррупцияны жоюу жана ачык коомду түзүү жолу менен мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө багытталган», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Концепцияны ишке ашыруу — коррупцияны азайтып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кыларын белгиледи.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңештин 2019-жылдын 14-январдагы чечими — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана тоо кен казуу секторундагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын баса белгиледи.

«Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, кен байлыктардын запастарын эсепке алуу маселелерин карадык.

Айрыкча лицензия берүү системасындагы коррупцияны жоюу жолдорун сунуштадык.

Тиешелүү иштерди жүргүзбөй эле, лицензияларды кайра сатуу менен алектенүүгө бөгөт кое-турган жолдорду сунуштадык.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине жасалма, бюрократиялык тоскоолдук жаратуусуна бөгөт коюу механизмин талкууладык.

Бул чечимдер кандай аткарылууда, бул тууралуу өзүнчө сөз болот», — деп белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин бардык чечимдеринин аткарылышы өзүнүн жеке көзөмөлүндө турганын баса белгиледи. Мамлекеттик органдардан келген маалыматтардын бардыгы Коопсуздук кеңешинин катчылыгында кылдат талданып, ай сайын Мамлекет башчысына маалымат берилип турду.

Пикир

Оставить комментарий