• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатты авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

Президент 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. «Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды куруу иштери башталганын эске салды.

«Ички миграциянын айынан Чүйдө жана Бишкекте калктын көбөйүшүнөн улам мектептер жетишпей, ушундай чечим чыккан. Эми Бирдиктүү депозиттик эсептин акча каражаттарын республиканын аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшалат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Быйыл республика боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий